Баткен районунун эң алыскы, шарты катаал Зардалы айылына президенттин атынан "Тез жардам" унаасы белекке берилди. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 14-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер Зардалыга барып эл менен менен жолугуп, алардын турмуш шартынан кабар алышты.
Жетекчилер Зардалыга баруучу жаңы жолдун курулушун да көрүштү. Учурда узундугу 17 чакырым болгон жолдун нугун жардыруу, кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө.
Эске салсак, өткөн жылы айылга өлкө башчысы Садыр Жапаров барып кеткенден соң аймакка электр энергиясы жана уюлдук байланыш жеткирилген.