Сокулук районундагы 400 гектар жер мамлекетке өткөрүлдү

УКМК Чүйдө мыйзамсыз менчиктештирилген 400 гектар айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтарды.

Жер тилкелери 2000-жылдардын башында Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилгени аныкталган. Бирок алар жергиликтүү тургундарга бөлүштүрүлбөй, юридикалык жактан ээсиз калган. Ага карабастан жергиликтүү бийлик тургундарга узак мөөнөткө ижарага берип келген.

УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, жер тилкелери аталган айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Учурда тийиштүү жактарга юридикалык баа берүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан