Биз социалдык тармакта

Кыргыз күрөш боюнча курама команда дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Татарстандын Казань шаарында өтө турган III Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Мелдеш 20-23-июнь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында:
- 60 килограмм – Толубай Шүкүров;
- 66 килограмм – Арлен Эстебесов;
- 72 килограмм – Назарбек Космосбек уулу;
- 78 килограмм – Бактияр Кадырбек уулу;
- 84 килограмм – Мыктыбек Өмүрзак уулу;
- 90 килограмм – Азизхан Мусабек уулу;
- 96 килограмм – Амангелди Нурказым уулу;
- +96 килограмм – Бактияр Мирлан уулу.

Кыз-келиндер арасында:
- 60 килограмм – Бегай Бейшенаалы кызы;
- 66 килограмм – Аземи Камчыбекова;
- +66 килограмм – Айжан Анарбекова.

Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан