Бүгүн, 16-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин расмий сапар менен Астанага келди.
Казак басылмалары билдиргендей, аны аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Кытай лидеринин учагын Кытайдын чек арасынан Казакстандын истребителдери коштоп келген.
Сапардын алкагында эки тараптуу саммит пландалууда.
Айта кетсек, "Борбор Азия – Кытай" экинчи саммити 17-июнда Астанада өтөт. Ага президент Садыр Жапаров да катышат.