Ирандын ракеталык чабуулунан Израилдин мунай иштетүүчү заводу өз ишин токтотту

Кечээ, 16-июнда Израилдин Хайфедеги мунайды кайра иштетүүчү компаниясы Ирандын экинчи ракеталык соккусунан кийин өз ишин токтотту. Бул тууралуу израилдик басылмалар жазышты.

Jerusalem Post гезитинин маалыматына караганда, Ирандын ракетасы буу жана электр энергиясы менен камсыздаган электр станциясына сокку урган.

Соккунун натыйжасында компаниянын үч кызматкери каза болду.

Өткөн дем алыш күндөрү да Ирандын ракеталары Хайфедеги бул заводго тийген. Ал кезде компаниянын иши жарым-жартылай токтогон эле.

Компаниянын билдирүүсүнөн кийин Израилдин Энергетика жана инфраструктура министрлиги дүйшөмбү күнү өлкө күйүүчү май менен толук камсыздалганын ырастады.

Израилде мунайды кайра иштетүүчү эки гана компания бар. Хайфедеги бул компания - Израил үчүн маанилүү обьектилердин бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан