Кечээ, 16-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран шаарынын бардык тургундарын шашылыш түрдө шаардан чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн өзүнүн TruthSocial социалдык тармагында билдирди.
"Иран келишимге (ред.: өзөктүк программа боюнча) кол коюшу керек болчу, мен аларга кол коюуну буюрган элем. Канчалаган өлүмдөр... Өтө өкүнүчтүү. Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек. Бул тууралуу мен бир нече ирет айткам. Баары Тегерандан шашылыш чыгып кетиши керек",- деп жазылган Трамптын билдирүүсүндө.
Трамп бул билдирүүсү аркылуу эмне айткысы келгени азырынча белгисиз бойдон калууда.
Тегеранды эвакуациялоо тууралуу билдирүүдөн кийин Трамп ушул тема боюнча дагы бир нече кыска билдирүү жазган.
"Америка баарынан үстүн" деген сөз көп маанини билдирет. Анда "Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек" деген факт да бар",- деп жазган АКШ президенти.
Трамп G7 саммитинен мөөнөтүнөн мурда кетти
Трамп Тегерандын бардык жашоочулары шашылыш эвакуацияланышы керектигин билдиргенден көп өтпөй, анын басма сөз катчысы дагы бир билдирүү жасап, Трамп Канаданын Кананаскис шаарында өтүп жаткан G7 саммитин мөөнөтүнөн мурда кете турганын жарыялады.
"Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу президент Трамп бүгүн кечинде мамлекет башчылары менен болгон кечки тамактан кийин кетет",- деп жазды Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт социалдык тармактагы баракчасында.
Трамп Улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды
Дональд Трамп Вашингтондо Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу америкалык телеканалдар кабарлашты.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин курамына мамлекеттик катчы, коргоо министри жана улуттук чалгын кызматынын директору сыяктуу жогорку даражадагы аткаминерлер киришет.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Трамп "Жакынкы Чыгыштагы окуялардан улам" саммитти мөөнөтүнөн мурда таштап кетип жатканын расмий түрдө билдирди.
Америка лидеринин саммиттен эрте кетүүсү жана Тегерандын калкынын эвакуацияланууга чакыруусу АКШнын Израил тарапта болуп, Иранга чабуул жасашы мүмкүн экени менен болжолдонууда. Бирок АКШнын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ Израилдин тарапташы болбойт. CBS телеканалдын маалыматында, Дональд Трамптын саммитти шашылыш таштап кетиши жана Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырышы АКШ Иранга карата сокку жасайт дегенди билдирбейт.
Израилдин Jerusalem Post гезити Трамп Иранга уранды байытуу иштеринен баш тартуу тууралуу келишимге кол коюу үчүн "акыркы мүмкүнчүлүк" сунуш кыларын жазды. The New York Times басылмасы болсо, Трамп ушул жумада Ирандын өкүлдөрү менен жолугушууга америкалык аткаминерлерди жөнөтө турганын билдирди.