Ошто 28 жаштагы тамада бычакталып каза болду

Ошто 28 жаштагы тамада каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдиришүүдө.

Интернет желесинде анын кесиптеши тарабынан бычакталганы тууралуу маалымат тараган. Бирок тамада Аман Ибраев бул маалыматты жокко чыгарып, аны жердеши бычактаганын билдирди.

"Ал акыркы учурда тамадалыктан кетип, бизнес менен алектенип жүргөн. Бирөөгө зыяны жок жакшы бала эле",- дейт Ибраев.

Маалыматтарга караганда, жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Бул арада шаардык милиция билдирүү таратып, шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалганын билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан