АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын чоң сегиздиктен чыгарылышын жаңылыштык болгон деп эсептейт. Ал мындай пикирин кечээ, 16-июнда Канадада чоң жетилик (G7) саммитинин алкагындагы брифинг учурунда билдирди.
АКШ лидери эгер Орусия чоң сегиздикте болгондо Украинага каршы согуш баштамак эместигин белгилеген.
"Эгерде Орусия болгондо азыр согуш болмок эмес. Бул жаңылыштык болду. Путин мени менен сүйлөшүп жатат, башка эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт. Ал өзүн "чоң сегизден" кууп чыкканы үчүн таарынып жатат. А мен аны түшүнөм, анын ордунда болсом мен да таарынмакмын",- деген Трамп.
Айта кетсек, чоң жетиликке Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Япония кирет.