Бүгүнкү күндө өлкө аймагы боюнча Айыл чарба министрлиги менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бакча жемиштеринин, тагыраагы, коон, дарбыздарды сатуу үчүн атайын соода аянтчалары даярдалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чара ата мекендик дыйкандар менен фермерлерди колдоого багытталган. Ошондой эле массалык түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукцияны сатууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алуу максатында кабыл алынды.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн ар бир сатуу аянтчалары боюнча жооптуу кызматкерлер бекитилген. Алар менен алдын-ала байланышып, жайгашкан жери, иштөө графиги жана жайгаштыруу шарттары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды алууга болот. Бул дыйкан-фермерлерге логистиканы өз убагында пландаштырууга жана продукцияны ортомчусуз, ашыкча чыгымсыз түз сатууга мүмкүндүк түзөт.