Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл аймагынын Чым-Там жайлоосунда 332 баш кой-эчки белгисиз жапайы жаныбар тарабынан кол салууга кабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, малдардын өлүгү ветеринардык-санитардык талапка ылайык көмүлүп, жок кылынды.
Бул иш-чара жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана калган тирүү малдардын коопсуздугун камсыздоо максатында, Ветеринардык кызматтын Жети-Өгүз райондук башкармалыгынын адистеринин көзөмөлү астында, бардык санитардык нормаларды сактоо менен өз убагында жана кылдаттык менен жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Чым-Там жайлоосу Барскоон айылынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан.