Бразилияда эки жаштагы бала капысынан энесин атып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя Бразилиянын Мату-Гросу-ду-Сул штатында болгон. Бала атасына таандык тапанча үстөлдүн үстүндө жатканын көрүп, аны колуна алып ойной баштаган. Бир нече секунд өткөндөн кийин ал кокустан ок чыгарган.
Ок баланын апасы, 27 жаштагы Дебора Родригес Монтейрунун көкүрөгүнө жана колуна тийген. Деборанын жолдошу ошол учурда жанында болгон, бирок жардам берүүгө үлгөрбөй калган. Аял ооруканага жеткирилген, тилекке каршы, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
"Glok үлгүсүндөгү тапанча жана ок-дарылар полицияга өткөрүлгөн. Баланын атасынын куралга лицензиясы болгонуна карабастан, ага каршы кылмыш иши козголду. Учурда ал эркиндикте, бирок баласы социалдык кызмат тарабынан убактылуу алынышы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.