Камчыбек Ташиев “Ак кайың” балдар бакчасынын ачылышына катышты

Бүгүн,17-июнда Бишкек шаарында УКМКнын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн “Ак кайың” балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Бала бакчанын ачылыш аземине Камчыбек Ташиев, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты. Аталган бала бакчанын имараты 1975-жылы курулгандыктан, эскилиги жеткен. Мындан улам мекеме толугу менен жаңыланып, 240 балага ылайыкталган эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш иши 2024-жылдын октябрь айында башталып, 2025-жылдын май айында бүткөрүлгөн. Ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.

Ташиев жаңы бала бакчанын ачылыш аземи менен куттуктап, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн, алардын үй-бүлөсүнө кам көрүү, шарт түзүп берүү, жетекчиликтин башкы милдети экендигин белгиледи. Андыктан, күч түзүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү жумушту аркалаган кызматкерлери үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, алардын балдары үчүн республиканын бардык аймактарында бала бакчалар курулуп, пайланууга берилип жаткандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан