Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чоң жетиликтин (G7) саммитинде ага сүйлөгөн сөзүнөн кийин көздөрүн ала качты.
Видеодон Макрон Мелониге шыбырагандан кийин Италиянын өкмөт башчы айымы көздөрүн ала качып, андан алыстап кеткенин көрүүгө болот.
16-июнда Канаданын Кананаскис шаарында башталган G7 саммити бүгүн, 17-июнда аяктайт. АКШ лидери Дональд Трамп саммиттен эрте чыгып кеткени айтылган буга чейин. Чоң жетиликке Германия, АКШ, Канада, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония кирет.
Эске салсак, май айында Мелонини Албаниянын премьер-министри Эди Рама кызыл килемде тизелеп тосуп алган.