Бүгүн, 17-июнда Иран аскерлери Израилдин "Моссад" чалгындоо кызматынын Герцлия шаарындагы имаратына жана Тель-Авивге жакын жайгашкан "Глилот" аскердик базасынын логистикалык борборуна сокку урду. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазышты.
Бул окуяга чейин Иран Израилге каршы жаңы ракеталык чабуул башталганын билдирген. Ага чейин Иран тарап Израилге 140 дрон учурулганын жарыялаган. Израилдин борбордук бөлүгүндө, анын ичинде Тель-Авивде аба коопсуздугу боюнча билдирүүлөр болгон.
The Times of Israel басылмасы Израил полициясына шилтеме берип, ракета Герцлиядагы кампага жана унаа токтотуучу жайга тийгенин, жыйынтыгында автобус күйүп кеткенин жазды. Бул чабуулдан беш адам жеңил жаракат алган. Израил армиясы Иран тарабынан учурулган 30 дронду абадан коргонуу системи менен атып түшүргөнүн билдирген.
Израил менен Иран 13-июндан бери бири-бирине аба соккуларын жасоодо.