Суу шалаакылыкты кечирбейт! Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин билип алыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Бир нече маанилүү эрежелер менен таанышып алыңыз.

  • Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу объекттерине сууга түшүүгө болбойт. Алар: көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар, дарыялар.
  • Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт.
  • Сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат деген жазуулары бар суу объекттерине сууга түшүүгө болбойт.
  • Бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтырбагыла.
  • Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт.
  • Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга, сууда көңүл ачуучу техникаларга сүзүп барууга тыюу салынат.

Эске тутуңуз! Суу шалаакылыкты кечирбейт. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан