Израилдин Иранга жасаган чабуулу жана Ирандын жооп иретиндеги соккуларынан кийин Европа өлкөлөрү коопсуздук чараларын көрүп, ал өлкөлөрдө жүргөн жарандарын эвакуациялай башташты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорскинин айтымында, Израилде жүргөн болжол менен 300 поляк жаранын эвакуациялоо башталды. Алар автобус менен Иорданияга жеткирилип, андан соң учак менен Польшага кайтарышат.
DPA агенттигинин маалыматына ылайык, Германия Израилдеги жарандарын Иордания аркылуу Франкфуртка атайын чартердик каттам менен алып кетүүдө. Израилден Амманга чейин барууну жарандар өздөрү уюштурушат, ал эми Аммандан учуу акы төлөнөт. Иорданияга виза онлайн же чек арадан алынат.
Германиянын расмий маалыматы боюнча, Израилден 4 миң, Ирандан 1 миң герман жараны эвакуацияны суранышкан.
Ирландиянын тышкы иштер жана коргоо министри Саймон Харрис маалымдагандай, Иранда болжол менен 30, Израилде 200 ирландиялык жаран бар. Министр Европа Биримдиги бул жарандарды кантип коопсуз эвакуациялоону чечиши керектигин айтты.
Нидерландынын тышкы иштер министри Каспер Велдкамп билдиргендей, Израилде жүргөн нидерланд жарандарына өлкөдөн чыгып кетүү кеңештелип жатат. Аларга жол, виза жана башка маселелер боюнча жардам көрсөтүлүүдө. Расмий сайтта Израилге барбоо боюнча кызыл эскертүү берилди.
Хорватиянын Тель-Авивдеги элчилиги билдиргендей, 59 хорват жараны Израилден чыгып кетүүгө өтүнүч берген. Айрымдарынын эки жарандуулугу бар жана өтүү үчүн уруксат талап кылынууда.
Израилде болжол менен 150 хорват жараны бар. Учуулар токтотулгандыктан, Египет же Иордания аркылуу кетүү каралууда.
Чехия Израилден 66 жаранды Прагага алып келди. Ал эми Словакия Израил жана Иорданиядан 73 адамды учак менен чыгарды. Литва болсо 125 жаранын Иордания же Египет аркылуу эвакуациялоону баштады.
Мындан сырткары Болгария, Словения, Улуу Британия, Түндүк Македония өлкөлөрү да Израил менен Ирандан өз жарандарынын коопсуздугу үчүн ыкчам чараларды көрүүдө. Эвакуацияны көбүнчө Иордания жана Египет өлкөлөрү аркылуу жүргүзүүнү пландап жатышат.