Бүгүн, 17-июнда президент Садыр Жапаров Астана шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында "Борбордук Азия - Кытай" экинчи саммитинин жыйынына катышууда.
Иш-чаранын алдында мамлекет башчысын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктаган соң делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.