Кинофестивалга жарым жылаңач болуп барган блогер сөгүнгөнү үчүн 3 суткага камалды (видео)

Кинофестивалга жарым жылаңач болуп барып, коомчулуктун сынында калган блогер Жанара Осмоналиева социалдык баракчасындагы адепсиз жүрүм-туруму үчүн 3 суткага камалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 16-июндагы социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн Инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталды. Анын иши тергөө кызматына өткөрүп берилип, жыйынтыгында 1993-жылы туулган О.Ж. милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, 3 суткага камакка алынды.

Милиция социалдык баракчалардагы ар бир аракетке жоопкерчилик менен мамиле жасап, коомчулуктун укугун урматтоого чакырат.

Социалдык баракчасында сөгүнгөн блогерлер камалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан