Бүгүн, 17-июнда президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитинде сөз сүйлөдү. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчысы өз сөзүндө Борбор Азия менен Кытайды кылымдардан бери келе жаткан тарыхый, соода жана маданий алакалар байланыштырып турганын белгиледи. Ошондой эле Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн алты негизги багытын белгиледи: транспорттук жана транзиттик байланыш, энергетика, каржы жана электрондук коммерция, билим берүү жана илим, туризм, ошондой эле коопсуздук чөйрөлөрү.
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кеби менен жыйынтыктады: “Тынчтык коңшуң менен кандай жашаганыңдан башталат. Жүрөгүңдө сый-урмат болсо, чек ара жок болот. Бөтөн кайгы, бөтөн кырсык болбойт. Биз кокусунан эмес, тарыхый жана руханий зарылчылыктан жанаша жашап жатабыз”.
Айта кетсек, саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт. Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.