АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасынан толук баш тартууга макул болушун күтөрүн билдирди.
“Мен ок атышпоодон дагы чоң нерсени күтөм”, - деп билдирди.
Трамп ошондой эле Израил Иранга болгон соккуларынын интенсивдүүлүгүн азайтууга ниеттенбей турганын айтып, жакынкы эки күндүн ичинде кырдаал өзгөрүшү мүмкүндүгүн билдирди.
Американын лидери Израил менен Ирандын ортосундагы согушту шылтоолоп, G7 саммитинен кеткен. Ал жарандарды Тегерандан тез арада чыгып кетүүгө чакырды.
The Wall Street Journal гезити 16-июндагы булактарына таянып жазганына караганда, Иран бийлиги араб өлкөлөрү аркылуу өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин билдиргендиги да маалыматта кошумчаланды.
Ал эми The Jerusalem Post өз булактарына таянып, Трамп Иранга өзөктүк келишим боюнча акыркы сунушун даярдап жатканын жазды.