Ирандын куралдуу күчтөрү Израилди көздөй баллистикалык ракеталардын жаңы толкунун учурду. Бул тууралуу 17-июнда Tasnim агенттиги кабарлады.
Маалымдалгандай, соккулар аба майдандарды камтыды.
"Ирандын абадан коргонуу күчтөрү акыркы 24 сааттын ичинде асмандан Израилдин 28 бутасын атып түшүрдү. Алардын арасында Израилдин Hermes учкучсуз учагы бар, анын жардамы менен душман Ирандын негизги жерлерин байкоого аракет кылып жаткан", - деп айтылат маалыматта.