Бүгүн, 17-июнда президет Садыр Жапаровдун Казакстандын Астана шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышуусу аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Алгач Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алышты. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Андан соң мамлекет башчысы саммитке катышып, сөз сүйлөдү. Ал биргелешкен күч-аракеттердин аркасында достукту жана ынак коңшулаштыкты чыңдоо, стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча чоң жол басып өтүлгөнүн өзгөчө белгиледи.
Андан ары Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды, анын ичинде:
- Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим;
- “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитинин Астана декларациясы жана башкалар.