Кыргызстандагы жаш, таланттуу актёрлордун бири Азамат Уланов менен жубайы ата-эне статусуна ээ болушту. Бул тууралуу актёр соцтармактан сүйүнчүлөдү.
"Кудайдын каалоосу менен 17-июнда ата болдум",- деген билдирүү калтырды Уланов.
Эске салсак, Азамат Улановдун тою 6-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн. Жыл башында наристе күтүп жаткандыгын сүйүнчүлөп, "гендер пати" өткөрүшкөн.