Конор Макгрегор түнкү клубда эркек кишини сабап салды (видео)

Мурдагы UFC чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Ибица аралындагы түнкү клубда эркек кишини сабап салганын The Sun жазып чыкты.

Окуя кечээ, 16-июнда эртең менен Pacha клубунда болуп, жарым-жартылай видеого тартылып калган. Бий аянтчасынын жанында турган Макгрегор ал киши менен бир нерсе жөнүндө сүйлөшүп жатып, аны муштуму менен эки жолу уруп жиберген. Сокку алган адам полго жыгылган.

Макгрегор акыркы жолу октагонго 2021-жылы жайында чыккан. Ал анда америкалык Дастин Порьеге утулуп калган.

18.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан