2025-2026-окуу жылында мугалимдердин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Министр акыркы жылдары билим берүүнүн сапатын жакшыртууга мамлекеттик деңгээлде олуттуу колдоолор жүрүп жатканын айтып, мындай колдоо чечими үчүн президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабиненетинин жетекчиси Адылбек Касымалиевге жалпы агартуучулардын атынан ыраазылык билдирген.
"Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн, облустук мугалимдерди өнүктүрүү борборлорун автотранспорт менен камсыз кылуу маселеси чечилүүнүн алдында. Бул системдүү колдоо бизди шыктандырат жана эмгекке болгон мамилебизди, жоопкерчиликти жогорулатат. Урматтуу кесиптештер, бизге күчтүү жана жаратмандардын келишин күтөбүз. Окуу жыл ичинде орун жок калса таарынмай жок. Азыртадан ойлонгула",- деди Кендирбаева.
Ал эми айлык канчага көтөрүлгөнү боюнча министр так жооп айткан жок. Кендирбаева мектепте адашып келгендер иштебеши керек экенин билдирип, агартуучунун эмгегин баалаган доор келгенин кошумчалады.
Ошондой эле Кендирбаева билдирүүсүндө дарыгерлердин да айлыгы жогорулай турганын маалымдады.