Bakai Bank КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу үчүн бир жолку жыйымды төлөө боюнча жаңы сервисти ишке киргизди. Кызмат BakAi мобилдик банкында жана банктын бардык филиалдарында жеткиликтүү.
2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрга чейин Кыргызстанда автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча өнөктүк өтөт. Бул процесстин алкагында Bakai Bank түз эле BakAi мобилдик банкынан же банктын жакынкы филиалынан автоунааларды мыйзамдаштыруу үчүн бир жолку төлөмдү төлөөнүн ыңгайлуу сервисин иштеп чыкты.
Эми автоунаа ээлерине кезек күтүүнүн же мекемелерды кыдырып документ чогултуунун кереги жок, анткени жыйымды төлөө мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана тез болуп калды.
Төлөм шарттары:
* Кыймылдаткычынын көлөмү 2 000 см³ чейинки автоунаалар — 50 000 сом
* Кыймылдаткычынын көлөмү 2 001 см³ жогору автоунаалар — 100 000 сом
* Банктын комиссиясы — 15 сом
* Операцияны жокко чыгарууга болбойт
Кантип төлөө керек?
1. BakAi'га кириңиз;
2. «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз;
3. «Мамлекеттик жыйымдар» категориясын тандаңыз;
4. «Транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу үчүн жыйым» пунктун табыңыз;
5. Маалыматтарды киргизип, төлөмдү жүргүзүңүз
Биз бул мүмкүнчүлүктү мүмкүн болушунча жөнөкөй жана түшүнүктүү кылдык.
Максаты – кардарлардын убактысын үнөмдөө жана автоунааны мыйзамдаштыруунун милдеттүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү. Кызмат банктын бардык санариптик жана физикалык каналдарында жеткиликтүү. Bakai Bank кардарларга күнүмдүк маселелерди тез, коопсуз жана ашыкча убаракерчиликтерсиз чечүүгө жардам берген ыңгайлуу кызматтарды киргизүүнү улантууда.