Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов энергетикалык суусундуктардын сатылышына жана өлкөгө киришине тыюу салууну сунуштады.
Ал мындай суусундуктардын айынан боор, жүрөк, бөйрөк оорулары күчөп жатат деген пикирин айтты.
"Мындай суусундуктар ектеп окуучулары менен таксисттердин арасында абдан көп колдонулуп жатыптыр. Андыктан Кыргызстанга киргизүүгө жана сатууга тыюу салсак",- деди Марипов.