Чүй облустук жалпы дарыгерлик практика борборунда төрөттөн кийин 36 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-июнда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-июнда Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча каттоо жүргүзүлүп, териштирүү иши башталган.
Териштирүү учурунда Токмок шаарынын 1984-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну ички иштер органдарына кайрылып, аталган медициналык мекеменин кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүүнү өтүнгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 7-июнда саат 09:30 чамасында анын 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу карындашы кош бойлуулугунун 36-аптасында Чүй облустук ооруканасында төрөгөн. Бирок төрөттөн кийин аял каза болуп калган.
Иликтөө иштери жүргүзүлүп, окуянын так чыныгы абалын аныктоо максатында бардык зарыл чаралар кабыл алынууда. Тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралып, компетенттүү органдарга, анын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине суроо-талаптар жиберилди.
"Териштирүүнүн жыйынтыгында медициналык кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат",- деп айтылат маалыматта.