Ош шаарында күрөөкананы карактаганга шектелип 24 жана 25 жаштагы жигиттер Бишкектен кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июнда түнкү саат 04:30 чамасында белгисиз эки адам "Ош Нуру" мейманканасынын 1-кабатынын батыш тарабындагы күрөөканага киришип, ал жерде иштеген 21 жаштагы кызматкерди белгисиз тапанчага окшогон курал жана темирдин кесиндиси менен коркутушуп, денесине залал келтиришкен жана темир сейфтин ичинен болжол менен 300 миң сом жана 1 миллион 300 миң сомдук алтын-зер буюмдарын тоноп кетишкен.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Борбордон кармалгандар Ошко жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүлөр жасаган кылмышты моюнуна алышты. Алар тоногон акча каражаттарын жана алтын буюмдарынын айрым бөлүгүн иштетип үлгүрүшкөн.
Учурда тергөө иштери уланууда.