Бүгүн, 13-январда Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жетектеген Мамлекеттик тарых музейинин жаңы экспозициясын иштеп чыккан чыгармачыл топту кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчы архитекторлордун чыгармачыл тобу иштеп чыккан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоонун эскиздик долбоору жана макети менен таанышты. Маданият, маалымат жана туризм министринин маалыматы боюнча, Тарых музейи В.И.Лениндин музейи катары долбоорлонгон имаратта жайгашкан.
Султан Раевдин айтымында, музейдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, азыркы экспозиция Кыргызстандын өнүгүү тарыхынын негизги этаптарын чагылдыра албайт. Ошондон улам музейде сакталган уникалдуу 135 миң экспонаттын көпчүлүк бөлүгү экспозицияга коюлбастан, көрүүчүлөргө жетпей жатат. Реконструкциялоонун долбоору экспозициялык аянтты 6000ден 7500 чарчы метрге чейин кеңейтүүнү болжолдойт. Жаңы долбоорго ылайык, азыркы имарат толугу менен модернизацияланат, инженердик жабдуулар боюнча заманбап техникалык каражаттар орнотулат, чатыры, төбөсүндөгү шаймандары реконструкцияланат. Долбоордо ошону менен бирге заманбап музейдик коллекцияларды сактоо жана экспозициялоо үчүн зарыл температуралык режимди камсыз кылган жабдуулар менен камсыз кылуу каралган. Азыр музейдеги Ленин тематикасындагы скульптуралык композициялар сакталып, төмөнкү кабаттагы башка залдарга коюлары болжолдонууда.
Өлкө башчы чыгармачыл топтун мүчөлөрүнө жасаган иши үчүн ыраазычылык билдирип, эскиздик долбоорду негизинен жактырды.
Ошону менен бирге мамлекет башчысы өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен долбоордун сметалык наркын кайра карап чыгып, пландарга реалдуу кароо милдетин тапшырды. "Долбоорду сөзсүз түрдө тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен макулдашып, аны коомдук талкууга алып чыгыш керек",- деди Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө.
Мамлекет башчысы маданият, маалымат жана туризм министрине долбоорду мындан ары ишке ашыруу үчүн тиешелүү ведомстволордун адистерин ишке тартып, реконструкциялоонун макулдашылган жумушчу долбоорун даярдоо боюнча тапшырма берди.