Голливуд актрисасы Меган Фокс менен америкалык музыкант Machine Gun Kelly (чыныгы аты-жөнү Колсон Бейкер) 27-мартта төрөлгөн кызынын атын ачыкташты.
Кызга Сага Блейд Фокс-Бейкер деген ат коюлган. Музыкант Instagram баракчасынан видео бөлүшүп, "эң кымбат белек үчүн рахмат, Меган",- деп жазды.
Сага Блейд актриса менен рэпердин биринчи баласы. Мегандын актёр Брайан Остин Гринден үч уулу бар.