Кыргыз күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугуна жөнөп кетти

Бүгүн, 18-июнь күнү кыргыз күрөшү курама командасы Татарстандын Казань шаарында өтө турган III Дүйнө чемпиондугуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Курама команданы узатуу аземине Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Болотбек Ашыралиев жана федерациясынын өкүлдөр катышты.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер арасында:

  • 60 килограмм салмакта Толубай Шүкүров;
  • 66 килограмм салмакта Арлен Эстебесов;
  • 72 килограмм салмакта Назарбек Космосбек уулу;
  • 78 килограмм салмакта Бактияр Кадырбек уулу;
  • 84 килограмм салмакта Мыктыбек Өмүрзак уулу;
  • 90 килограмм салмакта Азизхан Мусабек уулу;
  • 96 килограмм салмакта Асанкелди Нурказым уулу;
  • +96 килограмм салмакта Бактияр Мирлан уулу.

Кыз-келиндер арасында:

  • 60 килограмм салмакта Бегай Бейшенаалы кызы;
  • 66 килограмм салмакта Аземи Камчыбекова;
  • +66 килограмм салмакта Айжан Анарбекова.

Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Кыргыз күрөш боюнча курама команда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан