Блог: Siberian Wellness – табияттын күчүн илим менен бириктирген компания. Тоолуу Алтай менен Новосибирскке болгон сапар

Ардактуу окурман, бул ирет сизге Орусиянын Новосибирск шаарына жана Тоолуу Алтайга болгон сапарым тууралуу айтып бергим келди. Июнь айынын башында Казакстан, Орусия, Таиланд жана Вьетнамдан чогулган журналисттер Новосибирск шаарында көрүштүк. Ал эми Кыргызстандын атынан биздин медиа барды. Негизги максат Siberian Wellness компаниясы менен жеринде таанышуу болчу.

Бишкектен учкан учагыбыз Новосибирск шаарындагы "Толмачёво" эл аралык аэрпортуна конду. Мени компаниянын өкүлдөрү жылуу тосуп, мейманканага жайгаштырышты. А номерде болсо Siberian Wellness компаниясынын баалуу продукциялары күтүп турган экен. Белектерди көрүп кубандым, жагымдуу болду.

Учурда компаниянын витаминдерин ичип, косметикалык каражаттарын колдонуп жатам. Продукциялардын сапаты абдан жогору, ден соолукка жана териге пайдалуу экенин байкадым. Витаминдер энергияны көтөрүп, иммунитетти бекемдейт. Косметикалык каражаттар терини жумшак, таза жана жандуу кылат. Жалпы абалым жакшырып, өзүмдү мурдагыдан да жаш сезип жатам. Мындай сапаттуу жана натыйжалуу өнүмдөрдү колдонуу мен үчүн чыныгы табылга болду!

Эртеси күнү Новосибирск шаарында орун алган Siberian Wellness компаниясынын өзүнүн заводу жана илимий-өндүрүштүк комплекси менен таанышууга бардык. Бул компания өзүнүн биологиялык активдүү кошулмалары (БАД), косметикалык каражаттары жана ден соолукка арналган продукциялары менен белгилүү. Буга чейин аталган компания тууралуу коп жолу укканым менен, аны менен дагы да жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк жаралганы үчүн кубандым.

Комплекс тууралуу:

- Ачылган жылы: 2014-жылы жаңы, заманбап өндүрүш комплекси ишке киргизилген.
- Технологиясы: Автоматташтырылган линиялар, өз лабораториясы, сапатты катуу көзөмөлдөө системасы бар.
- Продукциялар: биологиялык активдүү кошулмалар, косметика, спорттук тамак-аш, гигиеналык каражаттар ж.б.
- Эл аралык стандарттар: Өндүрүш процесси GMP жана ISO сыяктуу стандарттарга ылайык уюштурулган.

Өзгөчөлүгү:
Заводдо чийки заттарды илимий негизде изилдеп, өсүмдүктөрдүн пайдалуу өзгөчөлүктөрүн сактап калууга басым жасалат. Siberian Wellness экологиялык таза өндүрүштү карманат. Компания Сибирь жана Алтай сыяктуу таза региондордон алынган чөптөрдү жана өсүмдүктөрдү пайдаланат. Ошондой эле илимий изилдөөлөргө таянган формулалар колдонулат.

Ишмердүүлүгү: 60тан ашуун өлкөдө иштейт. Siberian Wellness – бул жөн гана бренд эмес, бул ден соолук философиясы.

Siberian Wellness компаниясынын башкы максаты – Сибирдин бай жаратылыш ресурстарын колдонуп, адамдын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртуу.

Компаниянын товарлары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолот жана миллиондогон адамдар тарабынан колдонулат.

Комплексте өндүрүштүн бардык этаптары автоматташтырылып, сапаттын туруктуулугун камсыз кылат. Табигый өсүмдүктөрдөн алынган активдүү ингредиенттер заманбап экстракция ыкмалары менен иштетилип, жогорку натыйжалуу жана экологиялык таза продукцияга айландырылат.

Компания өндүргөн продукциялар — биологиялык активдүү кошулмалар (БАД), косметика жана ден соолукту чыңдоочу каражаттар — төмөнкү процесстер аркылуу жасалат:

1. Чийки затты тандоо:
Компания Алтай, Байкал жана Сибирдин таза, экологиялык аймактарынан табигый өсүмдүктөрдү, чөптөрдү жана минералдарды чогултат. Чийки заттар ГМОсуз, зыяндуу химиясыз жана органикалык болушу талап кылынат.

2. Экстракция жана иштетүү:
Өсүмдүктөрдөн пайдалуу заттар — фитокомпоненттер, майлар, антиоксиданттар — өзгөчө технология менен бөлүнүп алынат. Бул процесс алардын табигый касиетин сактап калат.

3. Формула түзүү:
Илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалуу фармакологдордун жардамы менен ар бир продуктунун формуласы иштелип чыгат. Бул жерде табигый заттар бири-бири менен туура айкалышып, организмге максималдуу пайда алып келиши эсептелет.

4. Өндүрүш:
Бардык продуктулар заманбап заводдордо, GMP стандарттарына ылайык өндүрүлөт. Автоматташкан жабдуулар, стерилдүү шарттар коодонулат жана катуу көзөмөлдөө колдонулат.

5. Сапат контролу:
Ар бир партия лабораторияда текшерилип, продукт коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана курамы боюнча сертификаттарга ээ болот.

6. Таңгактоо жана жеткирүү:

Продукциялар кооз, гигиеналык таңгактарга салынып, дүйнө жүзүндөгү кардарларга жеткирилет.

Кыскача айтканда: тазалык, табигыйлык жана илимий негиз — "Сибирское здоровье" компаниясынын ар бир продукциясынын негизин түзөт.

Кардарларга кам көрүү

Компания кардарлары менен иштөөдө жеке мамилени жана кымбат бааланган кардарлардын канааттануусун артыкчылык катары кармашат. Компаниянын адистери ар дайым кеңеш берүү, продукцияны тандоодо жардам берүү жана колдоо көрсөтүүгө даяр. Кардарлардын пикирин угуп, жаңы өнүмдөрдү түзүүдө алардын сунуштарын эске алуу компаниянын өсүшүнө чоң түрткү берет.

Келечекке көз караш

Компания өнүгүүнү токтотпой, дүйнөдө ден соолукту сактоонун жаңы ыкмаларын изилдеп, өз продуктуларын жаңылап турат. Жакынкы жылдарда "Сибирское здоровье" инновациялык биотехнологияларды кеңири колдонуп, жаңы рынокторго кирүүнү пландап жатат. Бул стратегия компанияга рынокто лидерликти сактоого жана кардарлардын ишенимин арттырууга жардам берет.

Өнөктөштүк жана коомчулук менен байланышы

"Сибирское здоровье" көптөгөн социалдык, маданий жана экологиялык долбоорлорду колдойт. Компания жергиликтүү коомчулуктар менен тыгыз байланышта болуп, иш-чараларды уюштуруп, билим берүү жана ден соолукка кам көрүү багытында биргелешкен программаларды ишке ашырат. Бул компаниянын социалдык жоопкерчилигин жана коомго кошкон салымын көрсөтөт.

Ошентип, ар кайсы өлкөдөн келген журналисттер компаниянын өндүрүштүк заводу менен таанышып, бул компанияга болгон сүйүүбүз артып, жакшы маанайда компания уюштурган кечки тамакка чогулдук.

Ал эми кийинки күнү Тоолуу Алтайга сапар алдык. Тоолуу Алтайдын кооздугу жана таза абасы мага чоң таасир калтырды. Ал жерде өсүүчү табигый чөптөр компаниянын продукцияларында колдонулуп, аларга күч-кубат берип, ден соолукту чыңдайт. Өз көзүм менен көрүп, ошол чөптөрдүн тазалыгын сездим. Мындай табигый ингредиенттер менен жасалган продукциялар күнүмдүк турмушта ишенимдүү жардамчы болуп турат. Бул ингредиенттер ден соолукка пайдалуу жана терини жакшыртуучу каражаттардын сапатын жогорулатат.

Саякат менен жумушту айкалыштырып, Тоолуу Алтайдын кооз табияты менен таанышып, "Сибирское здоровье" компаниясынын сапаттуу продукциялары кандай жасалганын билип, ошол эле учурда аны колдонуу — мен үчүн чоң кубаныч жана баалуу тажрыйба болду. Компанияга чоң ыраазычылык!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан