Оштогу "снос"... Кезек Жаңы-Арык каналынын айланасына жетти (видео)

Ош шаарын аралап өткөн, суу келбей калган каналдар иретке келтирилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин кезектеги рейдинде маалым болгонунун мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анда белгиленгендей, Достук кичи районунун аралап өткөн Жаңы-Арык каналына дээрлик 20-30 жылдан бери суу келбейт. Анткени айланасы курулуштар менен тосулуп, каралбай калган.
Токторбаев тиешелүү кызматтар менен бирге аталган каналды ачуу, суу алып келүү боюнча жеринен кыдырып көрүп чыкты. Мэр бул багытта ишти тездетип, аптаптуу күн ысыгында бактарды жана эгин талааларын суугаруу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
18.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан