Катардын эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Тани Ирандын президенти Масуд Пезешкяндан кат алды. Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Анда документ эки тараптуу мамилелерге жана аны өнүктүрүүнүн жолдоруна тиешелүү экени белгиленген. Бирок каттын мазмуну берилген жок.
Буга чейин ирандык басылмалар Масуд Пезешкян Катар, БАЭ жана Сауд Арабияга АКШ президенти Дональд Трамп аркылуу Израилге согуштук аракеттерди токтотуу үчүн кысым көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганын жазышкан.
Эске салсак, Катар бийлиги Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалды чечүүнүн жолдорун издеп жатканын жана бул маселе боюнча өнөктөштөрү менен байланышта экенин билдирген.