Жети-Өгүздө милиция кызматкерлери адашкан туристтерге жардам көрсөтүштү

Жети-Өгүз районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери чет элден келген туристтерге ыкчам жардам көрсөтүп, жогорку деңгээлде сапаттуу сервистик тейлөө менен туристтик коопсуздукту камсыздашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол таппай адашып калган Орусиядан келген туристтерге милиция кызматкерлери жол көрсөтүп гана тим болбостон, аларды коопсуз түрдө көздөгөн багытына чейин коштоп барышты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери туристтердин абалын өз убагында байкап, алардын кайда багыт алып бара жатышканын тактап, дароо жардамга келишти. Бул – кыргыз милициясынын негизги максаты болгон жарандарга жана конокторго коопсуз шарт түзүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү принциптеринин жүзөгө ашырылышынын дагы бир мисалы болуп калды.

Орусиялык туристтер кыргыз милициясынын меймандос мамилесине жана жоопкерчиликтүү аракетине терең ыраазычылык билдиришип, сапарын улашты.

"Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" деген ураан алдында мындай сервистик мамилелер туристтердин Кыргызстанга болгон ишенимин арттырып, өлкөнүн эл аралык туристтик аброюн бекемдөөгө чоң салым кошот.

Адашкан туристтердин ыраазычылыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан