Бишкекте адам уурдаган деген шек менен 38, 30 жана 27 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Свердлов РИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 15-июнда саат 13:00 чамасында Жибек Жолу проспекти менен Буденный көчөсүнүн кесилишинен бир жаранды белгисиз тарапка уурдап барышып, аны коркутушуп, 23 миң сом акчасын тартып алышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.