Акыркы сутка ичинде республика аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 14-январда билдирди. Маалыматка караганда, Чүй облусунда 3, Бишкек шаарында 6, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдүн келип чыгуусуна көпчүлүк учурларда меш жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.