Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын лидери Дональд Трамптын ишкер болгондуктан жакшы санаганын артыкчылык деп эсептейт. Ал мындай пикирин эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууда билдирди.
"Мен Трамп мырза саясатчы гана эмес, Америка эли өз өлкөсүнүн тагдырын ишенип берген адам гана эмес деп үмүттөнөм. Ал бизнесмен дагы. Мен анын баарын эсептегенинен чоң артыкчылык көрүп турам. Ал бай адам болгондон кийин жакшы эсептейт окшойт. Орусияга болгон кадамдар эмнеге алып келерин, салык төлөөчүлөргө канча чыгым болорун, АКШ экономикасына канча чыгым алып келерин, айрым кадамдардан кандайдыр бир артыкчылык алабы же тескерисинче, артка кетеби деп эсептеп чыгат",- деди Путин.