Жалал-Абад шаарында бүгүн, 19-июнда Байзаков проспектинде жайгашкан Береке базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 09:15те Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылды. Саат 09:28де кошумча дагы 2 бөлүм, жалпы 4 күжүрмөн эсеп өрт өчүрүүгө чыгышты.
Ошондой эле "Тез жардам" кызматынан 1 бригада жана ИИМден кызматкерлер ишке тартылды.