Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Канададагы чоң жетиликтин (G7) саммитинде котормочуну Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён деп адашып калды. Бул тууралуу британиялык Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Окуя Стармер Түштүк Кореянын президенти менен расмий сүйлөшүү үчүн жолуккан учурда болгон. Анда ал Ли Чжэ Мёндун ордуна котормочу менен кол алышып учурашкан.
Окуядан кийин Стармер Улуу Британиянын Түштүк Корея менен жакшы мамилелери бар экенин жана Лондон аларды соода жана коргонуу тармактарында дагы бекемдөөгө чечкиндүү экенин айткан.
Эске салсак, G7 саммити Канаданын Кананаскис шаарында 16-июндан 17-июнга чейин өттү.