Интернеттеги социалдык тармактын колдонуучсу аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-июнда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда asanov_live аталышындагы баракчада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү сөздөр айтылганы аныкталган.
Факт каттоого алынып, ар тараптуу диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталган. Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголду.
Кармалган 43 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.