Кыргызстандын дарбыздары бышып, базар, дүкөндөрдүн текчелерине коюла баштады. Бул тууралуу 19-июнда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Алгачкы дарбыздар Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында бышып, жергиликтүүлөрдү бакча өсүмдүктөрү менен камсыз кылууда. Кызыл-Жардын дарбыздары шириндиги менен өзгөчөлөнүп, органикалык жол менен багылып, аны өстүрүүдө кошумча дары-дармектер колдонулбайт деп айтылды.
Учурда Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча коон, дарбыздарды сатуу үчүн атайын соода аянтчалары даярдалган. Бул дыйкандарды колдоого багытталган жана массалык түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукцияны сатууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алуу максатында кабыл алынган чара.
Ар бир сатуу аянтчасы боюнча жооптуу кызматкер бекитилген. Алар менен алдын ала байланышып, жайгашкан жери, иштөө графиги жана жайгаштыруу шарттары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды министрликтин социалдык тармактардагы баракчаларынын алууга болот.