Өлкөнүн "Кыргыз Агрохолдинг" ишканасы менен Корея Республикасынын DOD компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Меморандумга ылайык, көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси курулат. Максаты эт азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо. Инвестициянын жалпы суммасы 46 миллион долларды түзөт.
Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 19-июнда "Ынтымак Ордо" резиденциясында өтүп, ага "Кыргыз Агрохолдингдин" директору Элдияр Убалиев, DOD компаниясынын башкы директору Ким Хеджун баштаган бир катар компаниялардын жетекчилеринен турган делегация катышты.
Жолугушууда Кыргыз тарап өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар чет элдик инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.