"Ювентус" клубдар арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун G тайпасында БАЭнин "Аль-Айн" командасын 5:0 эсебинде жеңип алды.
Беттешке бир күн калганда оюнчулар, клуб өкүлдөрү Ак үйгө барып, аларды АКШнын президенти Дональд Трамп кабыл алган. "Ювентустун" делегациясынын курамында Трампты сындаган АКШ курама командасынын оюнчулары Уэстон Маккенни жана Тимоти Веа жана АКШда жашаган клубдун ээси Жон Элканн бар.
Жолугуудан соң Дональд Трампка 47 номурлуу футболка белекке берилген.
Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу АКШда 15-июнда башталган. Турнир 13-июлга чейин уланат. Турнирдин жалпы байге фонду 1 миллиард долларды түзөт.