
Жалал-Абад шаарында бүгүн, 19-июнда Байзаков проспектинде жайгашкан Береке базарынан чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жалпысынан өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп: саат 09:15да Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, саат 09:28де дагы 2 бөлүм, саат 10:29да Сузак райондук №65 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылды.
Министр Бообек Ажикеевдин көзөмөлү менен куткаруучулардын күжүрмөн аракеттеринин натыйжасында тилсиз жоо саат 11:10до чектөөгө алынды деп айтылат.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн жалпы аянты, келип чыгуу себептери жана башка маалыматтар такталууда.