АКШ элинин 45 пайызы өз өлкөсүнүн Иранга сокку урушуна каршы

АКШда жарык көргөн Wall Street Journal басылмасы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, америкалыктардын 45 пайызы өз өлкөсүнүн Иранга абадан сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө каршы.

Изилдөөдө миңден ашуун АКШ жаранына Иранга карата мүмкүн болчу аба чабуулуна көз карашы тууралуу суроо берилген. Жыйынтыгында:

  • Сурамжылоого катышкандардын 45 пайызы чабуулга так каршы экенин айтышкан;
  • 30 пайызы бул боюнча өз пикирин билгизген эмес (так билбейт);
  • Ал эми 25 пайызы Иранга каршы мүмкүн болгон чабуулду колдой турганын билдирген.

Сурамжылоого ылайык, Демократтар партиясынын өкүлдөрүнүн үчтөн экиси Иранга каршы аба чабуулуна макул эмес. Ал эми Республикачылардын арасынан 47 пайызы колдой турганын, 24 пайызы каршы экенин жана 29 пайызы бул боюнча так пикири жок экенин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы Ирандын өзөктүк программасын АКШ үчүн коркунуч катары баалашкан. Ал эми 43 пайызы бул кырдаалга байланыштуу жарым-жартылай кооптонуусун билдирсе, 39 пайызы АКШ Иран менен кеңири масштабдагы согушка кирип кетиши мүмкүн деген коркунучта экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан