Ирактык шииттердин лидери Хаменеини жок кылуу аракеттерин айыптайт

Ирак шииттеринин руханий лидери аятолла Али Систани Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеиге карата коркутууларды айыптады.

"Аятолла Систани Израилдин Иранга каршы уланып жаткан агрессиясын, ошондой эле аятолла Али Хаменеини жок кылуу коркунучун кескин айыптады",- деп билдирет Press TV телеканалы.

"Ирактын жогорку динаятчысы аятолла Систани мындай аракет кырдаалды көзөмөлдөөнү жоготуп, кеңири тараган баш аламандыкка алып келиши мүмкүн деп эскертти. Бул аймак өлкөлөрүндө азап-кайгыларды күчөтүп, бардык кызыкдар күчтөрдүн кызыкчылыктарына олуттуу шек келтирет",- деп кошумчалайт телеканал.

Ушул аптанын башында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ABC News телеканалына Хаменеини жок кылуу жаңжалды токтотууга алып келиши мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан