Блогер Арген Асанов онлайн казинолорду жарнамалаганы үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Анын бул видеосун Бишкек шаардык милиция социалдык баракчасына жарыялады.
"Акыркы мезгилде онлайн-казинолорду жарнамалаганым үчүн кечирим сурайм. Адамдарга терс таасирин тийгизерин билген эмесмин. Ошондуктан бул оюнду силерге сунуштабайм жана жарнамалабайм. Алдамчылар көбөйүп кетти. Жакында эле апамды WhatsApp тиркемеси аркылуу алдап, акчасын алдырып койгон учуру болду", - деп билдирди Арген.
Ал эми Бишкек шаарынын милициясы өлкөдө кумар оюндарды, онлайн-казинону, букмекердик сайттарды жарнамалоого мыйзам жол бербей тургандыгын эскертти. Мындай жарнамалар жаштарды жана жарандарды финансылык жоготууга, көз карандылыкка жана шылуундардын торуна түшүүгө алып келиши мүмкүндүгүн кошумчалады.
"Кумар оюндарды жайылтуу, жарнамалоо же көмөктөшү – укуктук жоопкерчиликке алып келет. Учурда укук коргоо органдары кумар оюндарды жайылткандарды жана жарнамалагандарды аныктап, тиешелүү чараларды көрүүдө. Эгерде сиз шектүү жарнама же сайтты көрсөңүз — 102 номерине кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.