ГЭС-5 көлүнө чөгүп кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

ГЭС-5 көлүнө чөгүп кеткен 15 жаштагы өсүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-июнда саат 17:58де милицияга ГЭС-5 көлүнүн аймагында өспүрүм сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Ал ошол эле күнү болжол менен саат 16:30 чамасында тууганы жана достору менен бирге эс алуу жана сууга түшүү үчүн ГЭС-5 көлүнө барган. Сууга түшкөндөн 10-15 мүнөттөн кийин өспүрүм жоголуп кеткен. Жерине куткаруучулар чакырылып, болжол менен бир сааттан кийин анын жансыз денеси жээктен 10 метр алыс аралыкта табылды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Керектөөчүлөр үчүн кооптуу шарттарды түзүү) менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан